super.kg logo
  Саясат  

Кайра шайлоо. Талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады

 

Кайра шайлоого талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, 55 талапкер каттоого документтердин толук топтомун тапшырды. Бүгүнкү күнгө карата 37 талапкер катталды. 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди. 1 талапкерди каттоодон баш тартылды. 7 талапкер каттоого документтердин толук топтомун же баш тартуу жөнүндө арыз тапшырган эмес. 18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: