super.kg logo
  Спорт  

"Пекин-2022": Олимпиаданын уюштуруучулары Орусия менен Украинага каршы провокация уюштурушту

 

Пекин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча командалык турнирдин уюштуруучулары Орусия менен Украинанын спортчуларын катарлаш отургузууну чечишти. Бул чечимге көптөгөн күйөрмандар жана спорт журналисттери таң калышууда.

Социалдык тармактарда командалар үчүн стенддердин сүрөттөрү пайда болду. Орундар командалык турнирге катышкан коньки тебүүчүлөр үчүн бөлүнгөн. Ал жерден алар упайлардын жарыяланышын күтүшөт.

Сүрөттө көрүнгөндөй, орусиялык спортчулардын оң жагына япондор, сол жагына украиндер, украиндердин сол жагына АКШнын спортчулары отурушат. Ошол эле учурда Украинанын Спорт министрлиги буга чейин спортчуларга орусиялык спортчулар менен чогуу сүрөткө түшпөөнү, ошондой эле орус тилинде интервью бербөөнү сунуштаган.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.02.2022. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерде спортчулар не причем. Саясат эки олкону душман кылганы менен жонокой спортсмендер урушпаса керек
01.02.2022. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарды бекеринен дүйнө жүзү жаман көрбөсө керек. Негизи начар калк экен орустарын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: