super.kg logo

Өлкөдө биринчилерден болуп "Газпром Кыргызстан" компаниясы ISO 45001:2018 эл аралык сертификатын алды

 

«Газпром Кыргызстан» Кыргызстанда ISO 45001:2018 стандартына туура келген сертификациядан өткөн биринчи компания болду. Бул компанияга коопсуздук деңгээлин жогорулатууга бир топ жардам берди.

ISO 45001:2018 — бул жумуш ордунда ден соолукту жана коопсуз эмгекти коргоо боюнча жаңы дүйнөлүк стандарт. Аны 2018-жылы Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм иштеп чыккан. Сертификат кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле сертификатталган компанияга келген адамга өмүрүнө эч коркунуч келтирилбеши тууралуу кепилдик берет.

ISO 45001:2018 стандартынын ден соолукту коргоодогу башка стандарттардан артыкчылыгы:

  • бардык аспекттер боюнча статистикалык эмес, динамикалык. Эгерде коопсуздукту камсыз кылуу системасы эскирсе, аны андан ары сертификациялоо үчүн жаңыртуу жана жакшыртуу керек;
  • тобокелчиликтерди, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү да карайт. Бул өз учурунда коопсуз жагдайлардын пайда болушун алдын алат жана келечекте анын пайда болушуна жол бербейт;
  • бир гана ден соолукка жана башка ички көйгөйлөргө алып келүүчү коркунучтардын алдын алуудан тышкары, уюмдар жана бизнес чөйрөсү ортосундагы өз ара аракеттешүүнү да концентрациялайт;
  • бир гана кызматкерлердин эмес, ошондой эле компаниянын кызматкерлеринин жана келген адамдардын коопсуздугун дагы эске алат.

Кристиан Глезель жана Чарльз Корри ISO 45001 стандартын иштеп чыгуу менен алектенген ИСО/ПК 283 жумушчу тобунун төрагасы жана катчысы:

"Күн сайын өндүрүштө миңдеген адамдар күтүлбөгөн кырсыктардан же жумуш менен байланышкан коркунучтуу оорулардан каза болуп жатышат. Мындай өлүмгө алып келген окуяларды өткөн учурда болтурбаш керек эле жана келечекте алдын алуу керек. ISO 45001 стандарты ушул максаттарга жетүү үчүн иштелип чыккан".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: