super.kg logo

Таласта 23 жаштагы жигит октон жаракат алып ооруканага түштү. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

 

Таласта мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу курал менен жакынын кокусунан атып алган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 30-январда саат 15:05 чамасында Талас облустук ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Талас районунун Көк-Кашат айылынын 1999-жылы туулган тургуну М.О. ок атуучу куралдан жаракат алганы кабарланган.

"Окуя болгон жерди текшерүү учурунда жабырлануучу Талас шаарында таежесинин үйүндө жашап жүргөндүгү аныкталды. Ал 30-январда короодон катуу үн чыккандан кийин эсин жоготуп кулап калган. Ооруканага жеткирилген жабырлануучунун сол далысына ок тийгени белгилүү болуп, операция жасалып, дарыгерлер денесинен бир даана коргошун сымал затты алып чыгышкан.


Аталган фактыны иликтөө учурунда 1991-жылы туулган жаран ТОЗ 8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен карганы аткандыгын айткан. Ошол жерден документтери жана уруксаты жок ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырган. Аталган окуя боюнча этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү менен текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 267-берене ("ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, ташуу же алып жүрүү") менен 31 жаштагы жаранга кылмыш иши козголуп, шектүү тергөөдө сурак берүүдө. Аталган факты боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: