super.kg logo

Супер фактылар: Муруту, бириккен калың каштары, түктүү буттары менен сулуулуктун эталону аталган ирандык ханыша тууралуу уккансызбы?

 

Өзүнүн сырткы келбети жана күйөрмандарынын саны менен баарын таң калтырган ирандык ханыша Анис Аль Долях тууралуу кызыктуу маалыматтар:

1. Анис ад-Долях 1848-жылдан 1896-жылга чейин башкарган Ирандын төртүнчү шахы Насер ад-Дин Шах Кажардын сүйүктүү жубайы болгон. Насердин аялдарынын чоң гареми болгон, ал ошол кездеги Ирандын мыйзамдарына каршы ачык жүзү менен сүрөткө түшкөн.

2. Кызыгы, бул гаремде биз ойлогондой ашкан сулуу ханышалар болгон эмес. Бул гаремде бардык аялдардын жана токолдордун салмагы ашыкча болуп, муруттары бар, калың каштары биригип турган. Ал кезде Иранда аялдын мындай көрүнүшү сулуулук жана сексуалдык стандарт катары эсептелчү. Гаремде аялдарды атайын ашыкча салмак кошуусу үчүн багышкан: аларды катуу тамактандырышкан жана арыктап кетпеши үчүн көп кыймылдашкан эмес.

3. Анис аялга караганда эркекке көбүрөөк окшош. Дене түзүлүшү толук, каштары бириккен, буттары түктүү жана муруту болгон. Бирок ал кезде мындай көрүнүш Иранда сулуулуктун эталону катары эсептелген.

4. Анис Аль Доляхтын чектен чыккан 145 күйөрманы болгон. Кызыгы анын 13ү Анистин жүрөгүн багындыра албай, макулдугун ала албагандыктан өз жанын кыйган.

Айта кетүүчү нерсе, айрым маалыматтарда чындыгында хандын аялдары катары берилген сүрөттөрдө тартылган аялдар анын аялдары эмес, дегеле булар аял эмес деген кептер бар.

Интернетке тараган бул сүрөттөр европалык маданияттын чоң суктануусу болгон Насер хан түзгөн биринчи мамлекеттик театрдын актёрлорунун образы экени, Насер хандын гареминин бардык сүрөттөрү чындап эле анын гареми, бирок театралдык спектаклде эркектер аял кейпин кийип ойногондугу, ал убакта Иранда аялдарга театрда ойноого, сахнага чыгууга таптакыр тыюу салынганы жазылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.02.2022. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул ханыша конулду айнытат го
02.02.2022. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул сулуулуктунтэталону болсо анда маймул символу экен
02.02.2022. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ни че се. Чурок , чурок
02.02.2022. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Трансвеститтер окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: