Египеттик футболчу Мохамед Зидан 6 жыл абакка буюрулду
Мохамед Зидан 2011-жылы дортмунддук "Боруссиянын" курамында Германиянын чемпиону аталган.

Футбол боюнча Египет курама командасынын
мурунку чабуулчусу Мохамед Зидан жасалма чектерди чыгаруу боюнча оозеки түрүндө
күнөөлүү деп табылып, 6 жылдык абакта отурууга буюрулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк
басылмалар маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул чечим күнөөлүү өзү болбогон абалда чыгарылды.
31 жаштагы футболчуга карата кылмыш иши 2013-жылдын башында курулуш тармагында
иш алып барган компаниянын арызынын негизинде козголгон.
Автор: Максат Кудайбердиев
Эске салсак, Зидан Египет курама командасы менен 2 ирет Африканын чемпиону аталса (2008, 2010), клубдук карьерасында германиялык “Вердер”, “Гамбурга” жана “Боруссия Дортмунд” командаларында оюн көрсөткөн.
Футболчу учурда катардык телеканалдардын биринде эксперт болуп иштейт. Анын футболдук карьерасын жыйынтыктаганы боюнча маалыматтар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Рахмат, ката түзөтүлдү.