super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму омикрондун 4 мутациясын изилдеп жатат

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму омикрондун 4 мутациясынын өзгөчөлүктөрүн изилдеп жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус брифингде билдиргенин чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, ал COVID-19 менен байланышкан өлүмдөрдүн көбөйүшүн белгилеп, өлкөлөрдү кайдыгер карабоого чакырып, омикрон катталгандан бери акыркы 10 аптада 90 миллион адам бул илдетти жуктуруп алганын эске салды.

Айтымында, өлүмдүн көбөйүшүнө көпчүлүк омикрон коркунучтуу эмес жана жеңил өтөт деп сактык чараларын көрүүнү токтоткону себеп болууда.

"Бир дагы өлкө кайдыгер карабашы керек жана пандемияга багынбашы зарыл. Бул биздин көз алдыбызда өрчүп жаткан өтө кооптуу вирус. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму учурда омикрондун 4 мутациясын изилдеп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүн аныктап албасак, аны менен күрөшүүнүн жолун табууга мүмкүн эмес. Вирус мутацияланып, өзгөрүп жатканына байланыштуу ага каршы вакцина да өзгөрүшү керек", - деген Тедрос Гебрейесус.

Ошону менен катар эле ар бир өлкө сактык чараларына көңүл бурушу керектигин кошумчалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: