super.kg logo

Бишкекте абакта отуруп ишкерлерден ири суммада “доля” алып турган адам аныкталды

 

Ишкерлерди коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылып жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга ишкер кайрылып, андан опузалап акча алып жаткандарга чара көрүп берүүнү суранган. Анда чала тааныш адам өзүн кримтөбөл катары тааныштырып, коркутуу жолу менен 2020-жылдын ноябрь айынан бери ири суммадагы акчаларды алып турганын айткан. Опузачылар алган акчалардын жалпы суммасы бир канча жүз миңди түзгөн.

Опузалаган адам акчага өзү келбей башка адамды жөнөтүп турган.

Иликтөөнүн натыйжасында, ишкерди коркуткан адам аныкталып, ал Нарын облусунун 1986-жылы туулган О.Ж. аттуу тургуну экени аныкталган.

Ал учурда Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, акчаны алып кетип турган жардамчысы дагы кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: