super.kg logo

Алматыдагы баш аламандык: Камактагы казак кримтөбөлү Арман Жумагелдиев дайынсыз болууда

 

Казакстандагы баш аламандык учурунда кармалган "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Арман Жумагелдиев абактан качып кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

"Кесиптештерим болуп ага эки жолу барганбыз. Акыркы жолу бир күн мурун. Биз менен бирге Башкы прокуратура тарабынан түзүлгөн мекемелер аралык тергөө-ыкчам тобунун мүчөлөрү дагы барган. Сурак маалында Арман Жумагелдиев тергөө органдары менен кызматташууга даяр экенин айткан", - деген анын жактоочусу Талгат Есимов.

Бирок жактоочулары 1-февралдан 2-февралга караган түнү кармалган адам СИЗОдон чыгарылганын билишкен. Бул тууралуу аларга маалымат берилген эмес.

Арман Жумагелдиевдин дагы бир жактоочусу Куат Салиев мыйзам боюнча, камактагы жарандын ар бир кыймылы боюнча жактоочулар кабардар болушу керек экендигин билдирген.

"Бирок бизге эч ким маалымат берген жок. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Арман Жумагелдиевди алып чыгып кетишкен, бирок азыр кайда экени белгисиз", - деген ал.

Ошондой эле жактоочулары Арман Жумагелдиев өзүнө кол салышы мүмкүн эместигин айтышкан.

Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстанда кармалган. Андан кийин ал кыргыз модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
02.02.2022. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олтуруп коюшса эле .
02.02.2022. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulina00,Олтурбой эле акчасын алып,качырып жиберишти да.
02.02.2022. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сасык саясат деген ушул... Эл которулгондо камака алышып, Эл тынчыганда акырын чыгарышып, саясат м Крим дуйно бир эле да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: