super.kg logo
  Саясат  

“Мэрлердин айдоочусу менен катчысынан башкага алы жетпейт”,- деди Өмүрбек Абдрахманов

 

Парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн кышка даярдыгын кароо башталууда. Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев келген жок. Айрым депутаттар өкмөт башчы жок бул маселени кароону токтотуу керектигин айтышты. 

Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов облус башчылары менен мэрлердин жыйынга келишин сындады. “Булар айдоочусу менен катчысынан башкага алы жетпейт, анткени колунда акчасы жок. Буларды чакыруунун эмне кереги бар эле”,- деди.

Муну депутат Алтынбек Сулайманов колдоду. “Бул маселеге жооп бере турган негизги адамдар: өкмөт башчы менен каржы министри келбептир. Эмнени карайбыз? Азыр Тайырбек Сарпашев чыгат дагы, кооз докладын окуйт да кетет. Биз дежур суроолорду беребиз да калабыз. Булар кете беришсин да, тармакка жооп бере турган 5-6 адам гана келип жооп берсин”,- деди Сулайманов.   

Жыйынтыгында маселе  каралмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: