Кыргызстандык Анарбек Жамакеев тогуз коргоол боюнча Азия чемпиону аталды
Кыргызстандык спортчу, тогуз коргоол боюнча 2013-жылкы Азия чемпиондугуна аттанган Анарбек Жамакеев алтын медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Анарбек Жамакеев мелдешке чоңдор арасында катышып, мелдештин бүтөрүнө 1 тур калганда мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды.
Эске салсак, мелдеш жаштар, өспүрүмдөр жана чоңдар арасында 3 категория боюнча Казакстандын Павлодар шаарында өтүүдө.
Анарбектен тышкары алтын медаль алуу үчүн кыргызстандык Жаңыл Сагынбекова жана Лязят Райымекованын да чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми мелдештин коло медалына кыргызстандыктардан Айгерим Адил кызы жана Темирлан Нурбек уулу талапкер болушууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aviator

21.11.2013. 14:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.