Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты
Бишкек шаардык сотунда Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда "Октябрь окуяларында баш аламандык уюштурган" деп айыпталып абакта отурган саясатчылар, Фарид Ниязов, Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралган.
Отурумдун соңунда сот Фарид Ниязовду абакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Жеңиш Молдокматов сот залынан бошотулса, Асанов ага карата козголгон башка иштер боюнча абакта калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.