"Биринчи орунда iPhone 14". 2022-жылы эң көп күтүлгөн смартфондордун рейтинги жарыяланды
Mozillion компаниясы 2022-жылы эң көп күтүлгөн 20 смартфондун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, изилдөө Google издөө сурамдарынын маалыматтарына негизделген. Биринчи орунга 1 миллиондон ашык издөө менен iPhone 14 чыккан. Смартфон 2022-жылдын сентябрында жарыяланышы керек.
Экинчи орунду Samsung Galaxy S22 ээледи. Бул уюлдук телефон 50 миңден ашык жолу изделген жана 9-февралда коомчулукка жарыяланат. Ал эми үчүнчү орунга Apple iPhone SE 3 285 миңден ашык издөө менен чыккан. Телефондун бет ачары ушул жылдын жаз айына пландаштырылган.
Мындан тышкары, тизмеге Vivo V23, Xiaomi 12, Google Pixel Fold жана Oppo Find N смартфондору да кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-12-19
18:39
2025-12-18
14:58
2025-12-18
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Катуу тийсе капа болбогула !!!