super.kg logo
  Саясат  

Сот Курсан Асановду үй камагына чыгаруу өкүмүн чыгарды. Бирок саясатчы абакта калды

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шаардык сотто Октябрь окуялары боюнча козголгон иштин алкагында Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралган. Отурумдун аягында сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Бирок башка кылмыш иши боюнча Асановду абакта кармоо чечими болгондуктан саясатчы темир артында калган.

Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Асанов бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деген айыптын негизинде азыр абакта кармалып турганын айтты.

“Курсан Асановго карата 3 иш козголгон. Биринчиси, Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси Октябрь окуясы боюнча, үчүнчүсү болсо Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча. Мына азыр ушул үчүнчү иш боюнча абакта кармалып турат. Бирок бул иш боюнча эртең саат 9:30да баш коргоо чарасы каралат”, - деди Токтакунова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: