Баасы 3 миллион сомдон ашкан кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абадда баасы 3 миллион сомдон ашкан кыймылсыз мүлк мамлекеттин эсебине кайтарылды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Токтогул аймактык администрациясы кыймылсыз мүлктү жеке тарапка берип жиберген."Райондук прокуратура тарабынан Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталды. Тактап айтканда, Токтогул аймактык администрациясынын 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 гектарды ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине өтүп кеткен.
Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 миллион 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылды", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
ludimira
03.02.2022. 16:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Klass
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















