Тажикстан өз жарандарын Кыргыз өлкөсүнө барып билим алуудан баш тартууга чакырган билдирүү таратты
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүндө окуган же иштеген өз жарандарын - студенттерди жана мугалимдерди Кыргыз Республикасына баруудан баш тартууга чакырат. Мындай билдирүү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан Тажик жарандарына Кыргыз Республикасына окуу жана билим берүү уюмдарында иштөө үчүн кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген буйрук кабыл алынган. Ошого карабастан тажик тарап Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Тажикстандын жарандарына бир жактуу мамиле кылуу фактыларын атоодо.
"Кыргыз мамлекетинин ЖОЖдору тажикстандык студенттердин документтерин кайтарып берүү процессин жасалма түрдө кечеңдетип, студенттердин Тажикстандын ЖОЖдоруна өтүү үчүн керектүү документтерди берүү өтүнүчүнө тоскоолдук кылуу практикасын улантууда.
Кыргыз өлкөсүнүн компетенттүү органдары тарабынан мамлекеттик чек ара бекеттеринде тажикстандык студенттерди кармоо фактылары катталууда", - деп айтылат тажик департаментинин билдирүүсүндө.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 21-майынан тарта Тажик жарандарынын Кыргыз жергесине кирүүсүнө же Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүнө тыюу салынганын эскертти.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөнүн билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
3
3
Комментарийлер(7)
XATSAN125
02.02.2022. 23:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туппа туура алардын кереги жок оздорундотокуп чокуй юерсин
Belek1710
02.02.2022. 23:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
XATSAN125,Машина айдап баратып жаздың окшойт.
muku.85
02.02.2022. 23:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул дагы маалыматтык согуш, жазуу турундо болок мамлекеттерге кыргыздарды жаман коргозуп атат.
Petrovka
03.02.2022. 02:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алхамдулилла өзүбүздүн студенттер жетиштүү эле менимче кыргызстанда. Тажиктердин студенттерине суусаган эч ким деле жок болсо керек
Egizderim-baktim
03.02.2022. 03:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талибандардай болуп баратышат, оздорунчоле сыгылып ушуларга ким зар эле блин
Spb
03.02.2022. 06:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айланайын 50 жылга жаап таштасанарда мейли олор бизге кереги деле жок нагасвнан ьашка еч нерсеси отпойт олорлун просто ошол тегеиекте жашаган карапйым елеге еле кыйын болот тажиктеге
Gulina00
03.02.2022. 12:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иттерге зарыккан эчким жок кельесе зар эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















