super.kg logo

Орусиянын хоккей боюнча курамасы башка спортчулар менен бир учакта Пекинге учуудан баш тартты

 

Орусиянын хоккей боюнча курамасы башка спортчулар менен бир учакта Пекин шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына учуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү орус хоккейчилери сноуборд, лыжа жарышы, коньки менен чуркоо спорту жана хоккей боюнча аялдар командасынан бара турчу спортчулар менен биргеликте Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына баруудан баш тартышкан. Алар мындай кадамды коронавирус жуктуруп алуу коркунучу менен түшүндүргөн.

Тагыраагы, аялдар курамасындагы спортчулар башка спорттун өкүлдөрү менен бир учакта учуп, COVID-19 вирусун жуктуруп алышкан. Мындан улам улуттук кураманын башкы машыктыруучуларынын бири Илья Ковальчук хоккейчилер үчүн өзүнчө учак талап кылган. Натыйжада спортчулардын талабы аткарылып, алар бүгүн түнү менен Пекинге учмай болушту.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо уткан. Буга чейин АКШ, Жаңы Зеландиянын жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү Олимпиадага баруудан баш тартышканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: