"227 миң сомун жана алтындарын алган". Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды
Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-август күнү Биринчи Май РИИБине С.Ж. аттуу жаран ошол эле күнү саат 10:19 чамасында Көлмө жаңы конушунда жайгашкан үйүнөн 227 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Бул факты Биринчи Май РИИБинде катталып, Жаза кодексинин "уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.