Садыр Жапаров иш сапары менен Кытайга учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси
Бүгүн, 3-февралда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, сапардын алкагында президент Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышат.
"Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыз өлкөсүнүн делегациясынын курамында:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
1

