super.kg logo

Beeline дагы жакыныраак болуп калды: Оператор өлкө боюнча жети жаңы мобилдик кеңсесин ачты

 

Beeline мобилдик оператору кардарларына дагы да жакын болуу үчүн мобилдик сатуу жана тейлөө кеңселеринин географиясын кеңейтүүдө. 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын 22-январына чейин компания жалпы өлкө боюнча жети мобилдик кеңсесин ачты. Жыйынтыгында республиканын аймагында бардыгы болуп тогуз мобилдик кеңсе жайгаштырылды.

Ошентип май айынан январь айына чейин Достук, Көк-Жар, Торговый, Бүргөндү айылдарында, Бишкек, Балыкчы жана башка шаарларда мобилдик кеңселер ачылган. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай тогуз тейлөө пункту иштеп жатат. Мунун аркасында аталган конуштардын тургундарына облус борборлоруна баруунун зарылдыгы жок болуп, бардык кызматтарды үйлөрүнө жакын жерден ала алышат.

Чынында эле көрсөтүлгөн кызматтардын спектри боюнча мобилдик кеңселер Beeline'дын стационардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен эч кандай айырмаланбайт. Мобилдик кеңселерде сиз ошондой эле номерди калыбына келтирип же кайра чыгара аласыз, тарифтик планды өзгөртө аласыз, SIM-картаны алмаштыра аласыз, номерди бөгөттөп, бөгөттөн чыгара аласыз. Мындан тышкары Элкарт картасын, телефондорду жана аксессуарларды накталай эмес, бөлүп-төлөө менен же кредитке да сатып ала аласыз, ошондой эле Balance.kg сайтында өзүңүздү далдалдаштыра аласыз.

Ошол эле учурда мобилдик кеңселердин ыңгайлуулугу бул өзгөчө түзүлүштө, бүтүндүгүн бузбастан зарыл болгон учурда башка пунктка чейин мобилдик кыймылга баш ийе алгандыгында турат. Бул болсо кардарлардын муктаждыктарына жараша оператор кардарлар үчүн ыңгайлуу жерлерди тандап ала алат дегенди билдирет.

"Биз абоненттерибиздин ыңгайлуулугуна кам көрөбүз. Биздин мобилдик кеңселер калктын муктаждыктарына жооп берет, ошондуктан биз кардарларыбызга ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү улантуу үчүн мындай кеңселерди жайгаштырууну улантабыз", - деп Beeline'да пландары тууралуу билдиришти.

Beeline: Сизге жана сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: