super.kg logo

2022-жылкы кышкы Олимп оюндарын AKNET менен бирге көрүңүз!

 

2022-жылкы кышкы Олимп оюндарын AKNET менен бирге көрүңүз! 4-февралда Кытайдын борборунда кышкы Олимп оюндары старт алат. 2022-жылы Пекинде өтө турган Олимп оюндарында спорттун 15 түрү боюнча жалпы 109 медаль ойнотулат. Оюндар 26 атайын аянттарда өтүп, Пекиндеги улуттук стадиондо ачуу жана жабуу аземдери өткөрүлөт.

Оюндардын ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Ал КТРК, КТРК СПОРТ жана КТРК СПОРТ 2 телеканалдарында түз эфирде чагылдырылат. Иш-чарада өзгөчө оюн-зооктор, катышуучулардын парады жана Олимп отун күйгүзүү көрсөтүлөт.

Бул жолку өтүүчү Олимп оюндарында жаңы 7 медалдык беттештер киргизилет. Алар төмөнкүлөр: эркектер жана аялдар арасында эркин стилде биг-эйр,аялдар арасындагы бобслей, аралаш командадагы фристайл, лыжа акробатикасы, лыжа менен трамплинден секирүү, сноуборд-кросс жана шорт-трек. Бул кышкы Олимп оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорт чебери, үч дүйнөлүк чемпиондуктун, эки кышкы универсиаданын жана көптөгөн мелдештердин катышуучусу, лыжачы Максим Гордеев катышат.

Пекин шаары бул оюндардын заманбап тарыхында (Токио менен Лос-Анжелестен кийин) Олимп оюндарын эки жолу өткөргөн үчүнчү шаар. 2008-жылы бул жерде жайкы Олимп оюндары өткөн.

Олимп оюндарын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүү AKNET оператору аркылуу ишке ашат. Бул компания легендарлуу спортчулардын мелдештерин Кыргыз жарандарына тартуулоо үчүн "Токио-2020" жайкы Олимп оюндары жана 2022-жылы Пекинде өтүүчү кышкы Олимп оюндарын көрсөтүүгө лицензиялык укук алган.

Ошондой эле спорттук оюндарды максималдуу түрдө чагылдыруу үчүн AKNET жана КТРК, iTV AKNET тармагында жаңы КТРК СПОРТ 2 телеканалын ачып, ишке киргизген. 2022-жылы Пекинде өтө турган кышкы Олимп оюндарын Кыргыз Республикасынын аймагындагы расмий көрсөтүүчүлөрү AKNET, КТРК жана КТРК Спорт телеканалы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: