Садыр Жапаров Пекин шаарына жетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын учагы Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конуу жасаганын президенттик администрациядан билдиришти.
"Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин өлкө башчы иш сапардын жүрүшүндө Кытай тарап менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулай турганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
5

