super.kg logo

"Мен ойлойм, кылмыш иши сөзсүз жокко чыгат". Курсан Асанов абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 3-февралда абактан бошотулду. Сот залынан чыккандан кийин Курсан Асанов тарапташтарына ыраазычылык айтып, пикирин билдирди.

"Мени азыркы бийлик өкүлдөрүнө жаман көрсөтүү максатында кайсы бир күчтөр Алмаз Сарыбаев менен сүйлөштү деген жалган көрсөтмөнү чыгарышкан. Ошондон улам 5 айда бир да жолу суралган жокмун. Сарыбаев дагы суралган жок. Мени колдогон жалпы тарапташтарыма, мурдагы кесиптештериме, активисттерге, медиа өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем.

Мен бир да жолу бийликке каршы чыккан эмесмин. Бул актануу үчүн эмес. Жергебизде тынчтыктын, туруктуулуктун болушу мен үчүн чоң жетишкендик. Мен жөнөкөй жаран катары да кызмат кылуудан тайбайм. Принциптеримден кайтпайм, көз карашым бар. Мен ойлойм, бул кылмыш иши сөзсүз жокко чыгат. Эгер акталып чыксам ушунча убакыт камакта отурганым үчүн соттошпойм. Мен бул жөнүндө ойлогон да жокмун. Бири-бирибизге таарынычыбызды токтотуп, өлкөнү өнүктүрүшүбүз керек, экономиканы көтөрүп, бири-бирибизди жамандаганды токтотушубуз керек. Менин эч кимге доом жок", - дейт Асанов.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата 3 кылмыш иши козголгон. Биринчиси, Кой-Таш окуясы боюнча, экинчиси Октябрь окуясы боюнча, үчүнчүсү болсо Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти басып алуу жөнүндө сүйлөштү делген аудио боюнча.

2-февралда Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, Октябрь окуясы боюнча бошотулган. Бирок башка иш боюнча абакта кармоо чечими болгондуктан бошотулган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
03.02.2022. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тажик Кыргызстанда бийликте журуп, майлуу суттуу жашаганы мени окундурот. Эркекче.
03.02.2022. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhaynak,Мен тушунгон жокмун.Ошондо К.Асанов тажикпи?
03.02.2022. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Taalai-bek,оа, канында бар
03.02.2022. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ela93, ошентип укканмын. Жалган болсо керек! Кыргыз эле бул киши
03.02.2022. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ela93,таза тажик, Ошто Правда деген айыл жыш эле тажик, ошол жерден болот, ишенбесең любойунан сура
03.02.2022. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наборот кыргыз-тажик чек арасын чечуудо пайдасы тиет деп чыгарып жатышкан жокпу?
Негизи Асаонв ушундай конфликтерди чечкенге уста киши эле.бирок кылмышы барбы жокпу билбейм.бир озуно анан бир кудайга маалым
03.02.2022. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalai-bek,ооба, Атамбаев убагында Банкенге көп барып жүргөн, бирок эшектин тезегин дагы чечкен эмес, кайра чек-арадагы Баткендиктерди зекип келген эски видеосу бар ютупта
Azat-123 түзөттү 2022-02-03 20:36:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: