super.kg logo

Денесинин 70 пайызынан күйүк алган Айбек Абаковдун жубайы: "700 миң рублдан ашуун акча каражаты керек"

 

Жети-Өгүз районунун тургуну Айбек Абаков учурда кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Анын денесинин 70 пайызы күйүп, учурда Москванын Склифосовский атындагы Тез жардам институтунун күйүк бөлүмүндө жатканын жубайы Гүлзат Алыбаева SUPER.KG порталына билдирди.

Алыбаеванын айтымында, күтүлбөгөн кырсык 2021-жылдын 28-декабрында болгон.

"Жолдошум эл катары Москвада иштеп жүргөн. Жашаган жеринен өрт чыгып, денесинин 70 пайызынан күйүк алды. Биринчи операциясы болуп өттү. Мындан сырткары дагы 2 операция жасалышы керек. Тагыраагы, сол колунун манжаларын алып салыш керек экен. Операцияларына 700 миңден ашык рубль каражаты керек болуп жатат", - деди жубайы.

Айтымында, Айбек Абаковдун абалы оор.

"Учурда жолдошумдун жанындамын. Абалы оор. Өз алдынча төшөктөн тура албайт, такыр кыймыл жок, тамак жей албайт.

Ал эми өзүм иштебейм, экинчи топтогу майыпмын. Экөөбүздүн 3 балабыз бар. Батирде жашайбыз. Урматтуу кыргыз элим, сиздерден жардам сураганга муктажбыз. Колуңуздардан келишинче, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жардам бериңиздер!", - дейт Гүлзат Алыбаева.

Реквизиттер:

Элкарт: 9417019213226457 - Гүлзат Алыбаева;

Элсом: 996703343397 - Аделина Абакова (кызы);

Сбербанк: 4817760334874405 - Гүлзат Алыбаева;

Айбек Абаковдун жубайы Гүлзат Алыбаеванын байланыш номери: +79015656697.


кошулду





Айбек Абаковго операция жасатууга жардам керек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.02.2022. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көп түкүрсө көл болот туугандар,колдон келишинче жардам берейли
04.02.2022. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Котордум соопчулук үчүн!
04.02.2022. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KaGaH, Аллахым ыраазы болсун сизге!
04.02.2022. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаратканым өзү колдоп батыраак айыгып алсын. Бүтүндөй элди күтүлбөгөн кырсыктан сакта Жараткан.
07.02.2022. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан Озу жар болсун! Тез сакайып кетсин! Кыргыз Элим жардам берет. Кыргыз Элимди жана мамлекетибизди. Жараткан Ыйык Кок Тенирибиз сактасын. Оору сыркоодон, бодо кырсыктан. Ниети бузук,ичи карадан, козу сууктан сакта.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: