super.kg logo
  Спорт  

“Супер спортчу-2013” наамына талапкер Нурбек Кожобеков Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

 

Кыргызстандык балбан, “Казань-2013” Универсиадасынын чемпиону Нурбек Кожобеков Орусиянын Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу 21-ноябрда Кыргыз бел боо күрөшү федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурбек Кожобеков финалга чейин орусиялык, өзбекстандык жана тажикстандык атаандаштарын уткан. Финалда ал орусиялык Алыбек Капаевге уттуруп жиберди. Кошумчалай кетсек, бул мелдешке чейин 82 килограмм салмак категориясында күрөшүп келген Нурбек Кожобеков бул жолу 90 килограмм салмакта күрөшкөн. Эске салсак, Нурбек Кожобеков быйылкы жылы көрсөткөн ийгиликтеринен улам “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Супер спортчу-2013” наамына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Спортчуларга добуш берүү порталыбызда кызуу жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.02.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: