Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды
Нурлан Шаршеналиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.
Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Таалайбек Орозов башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.
Нурлан Шаршеналиев 1985-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн. Эки жогорку билимге ээ, экономист жана юрист кесиптеринин ээси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

