super.kg logo

Арашанда сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды

 

Чүйдүн Арашан айылында сексуалдык ыдыкка кабылды делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кыздын чоң атасы бул өкүнүчтүү кабарды уккандан кийин асынып алган. Үч күн мурун анын сөөгү жерге берилген.

Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, маалыматты ырасташты.

"1958-жылы туулган О.Н. аттуу жаран сарайында асынган абалда туугандары тарабынан табылган. Ал болуп өткөн окуяларга тиешеси жок экендигин жана ал боюнча кечирим сурап, кат жазып таштаганы маалым болгон. Ал буга чейин Арашан айылындагы сексуалдык аракеттерге кабылган кыздын чоң атасы экендиги такталган. Учурда бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, милицияга 19-январда 11 жашар кызга карата сексуалдык аракеттерди жасоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Анда Арашан айылында 11 жашар кызга сексуалдык мамиле жасаган деп шектелип 35 жаштагы агасы кармалган. Териштирүү иштеринин алкагында, кыз 11 жаштагы Т.Д. экени, чоң энеси жана чоң атасы менен жашаары аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
04.02.2022. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш ата зөөкүр уулунун бул кылыгына чыдай албаптыр да. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
05.02.2022. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят олумдон катуу дегени ушу да.байкуш ата,уулунун кылыгына чыдабай..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: