Сабырбек Жумабеков: “Министрди иштен кетирбесек, биздин медицина оңолбойт”
Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасады.
Анда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев анын орун басарларын операцияларына тоскоолдук кылып, өзүнө чакырып кысым кылып жатканын айткан.
Сөзүнүн аягында “министрди иштен кетирбесек, биздин медицина оңолбойт” деген пикирин айткан.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган. Бул аракеттерге нааразы болгон аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков президентке кайрылуу жолдогон.
Сабырбек Жумабеков: “Министрди иштен кетирбесек биздин медицина оңолбойт”









1 |