super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Баткен районунун акими Бөжөй айылынын эли менен жолугушту

 

Ноябрь айынын акыркы жумасында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким С.Калыков Суу-Башы айыл округуна караштуу Бөжөй айылынын эли менен жолугушту.

Жолугушууга райондун акими жетектеген райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Суу-Башы айыл округунун, Айгүл-Таш айылдык милиция бөлүмүнүн башчылары, Эл аралык толеранттуулук коомдук фондунун өкүлү жана Айдаркен чек ара отрядынын командири жана башка тиешелүү жетекчилер катышты.

Жыйында райондун акими С.Калыков Баткен районундагы аткарылып жаткан иштерге токтолуп, жетишилген ийгиликтер, алдыдагы аткарылуучу жумуштар туурасында айтып өттү. Андан соң Бөжөй элинин көйгөйлүү маселелерин укту. Негизинен Бөжөй эли айылдын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон мектеп маселесине жана бирден-бир анклавда турган айылдын жол маселелерине токтолушту. Айтылган сунуштарды уккан район жетекчиси жаңы мектепти куруу үчүн КРнын Өкмөтүнүн программасына киргизүү керектигин айтып, жолду ашар жолу менен баштасак, баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу иш алып барсак, сөзсүз белгилүү бир натыйжага жете тургандыгына ишеним билдирди. Эл аралык толеранттуулук коомдук фондунун өкүлү Х.Айкынов элди марафон уюштурууга чакырып, биринчилерден болуп 20 миң сом салым кошту. Жыйындын соңунда айтылган сын-сунуштар боюнча атайын иш-чара кабыл алынып, тиешелүү жетекчилерге аны аткарууга катуу тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: