Ошто 7 жашар баланы сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Жабырлануучу ооруканада
Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жашар баланы жеңил унаа сүзүп, андан ары из жашырып качып кеткен. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-февраль күнү саат 11:10 чамасында 2015-жылы туулган А.А.ны жолдон өтүп бара жатканда Hyundai Starex унаасы сүзүп, андан ары из жашырган.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу денесинен жараат алып, Кара-Суу райондук балдар ооруканасына жеткирилген.
Издөө иштеринин натыйжасында, айдоочу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1978-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Ал кызматкерлер тарабынан кармалып, унаасы айып короосуна токтотулган.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.