super.kg logo

Америкалык жаран тулку боюна курт-кумурскалар тартылган 864 татуировка жасатты

 

Америкалык жаран тулку боюна курт-кумурскалар тартылган 864 татуировка жасатты. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор" китебинин сайтында жарыяланган маалыматка таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, нью-йорктук музыкалык продюссер Майк Амоя тулку боюна көпөлөктөр жана курт-кумурскалар тартылган татуировка жасаткан. Анда моюнунда жана көкүрөгүндө 33 сантимерлик көпөлөк, колдору менен буттарында 150 кумурска, көзүнүн үстүндө 6 сантиметрлик коңуз, кулагынын үстүндө кулакча (уховертка) түшүрүлгөн. Ал буга чейин кумурска тартылган татуировкасын 20 жыл мурун 21 жашында жасаткан.

Майк Амоя "Гиннесстин рекорддор" китебине эң көп курт-кумурскалар тартылган татуировкасы бар адам катары кирген. Анын денесинде башка түргө кирген жөргөмүштөрдүн жана кырк аяктардын да сүрөтү түшүрүлгөн. Көкүрөгүндө туурасы 43 сантиметр, узуну 48 сантиметр, ал эми аркасында 127 сантиметрлик кырк аяктын сүрөтү бар.

Ошондой эле Майк курт-кумурскалардан коркоорун, жек көрөрүн моюнга алып, бирок ал үчүн татуировкалар өзгөчө мааниге ээ экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2022. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атың чыкпаса жер өрттө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: