super.kg logo

Сокулукта 2 жашар баланы сабоого шектүү кармалды. Наристенин апасы башка адам сабаганын айтып көрсөтмө берди

 

Бир күн мурда Чүй облусундагы Сокулук аймактык ооруканасына 2 жашар бала оор абалда түшкөн. Анын сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкан.

Маалым болгондой, баланы уруп-сабоого шектүү жаран бүгүн, 4-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Шектүү катары Сокулук районунун 1987-жылы туулган С.А. аттуу тургуну кармалды. Алдын ала маалыматка ылайык, сабалган баланын ата-энеси шектүүнүн кол алдында мал карап иштеп жүрүшкөн. Жаш үй-бүлө буга чейин иш берүүчүгө карыз болуп калышкан. Ал эми баланын апасынын көрсөтмөсүнө ылайык, наристенин денесиндеги жаракаттар чогуу жашаган жашоочусу тарабынан келтирген. Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.

Ал эми социалдык тармакка баланын атасынын видеосу тарады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.02.2022. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коркутуп уркутуп койгон окшойт бир болсо эри менен аялынын созу башка башка чыгып атат
04.02.2022. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрин урбайбы десен ошодон коро колу бутун сындырып 2 жашар балада кылдай куноо жок да ал деген периште да тооба адамдар маймул болуп барат жатат жыл откон сайын артына жашап
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: