super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан митингге чыккандардын плакаттары алынды

 
Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ахматбек Келдибековду колдоп чыккан митингчилердин плакаттары милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамга туура келбейт деп алынды. Митингдин катышуучулары койгон талаптары аткарылмайынча кетпей тургандыгын билдиришүүдө. 
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, кечээ, 20-ноябрда камакка алынган. 
Ош облусунун Айлай районунда депутаттын тарапташтары чогулуп, жол тосушуп турушат.
Депутат Бөдөш Мамырованын айтымында, бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилип, саат 14:00дө талкууланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: