"Пекин-2022": Максим Гордеевдин коңшу өлкөлөрдүн спортчулары менен түшкөн сүрөтү көпчүлүктү суктантты



Кечээ, 4-февралда Кытайдын борбору Пекин шаарында "Пекин улуттук стадионунда" XXIV кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө ачылып, катышуучулар параддан өтүштү. Иш-чаранын ачылыш аземи ар кандай шоу менен коштолду.
Ачылыш аземдеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин жалгыз жолдомо уткан Максим Гордеев көтөрүп чыкты.
Социалдык тармактарга Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын жана Өзбекстандын спортчуларынын жанаша туруп сүрөткө түшкөнү көпчүлүктү суктандырып, жылуу пикирлер айтылууда.
Белгилей кетсек, Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Спортчулар маскаларын алмашып тагып түшүшкөн окшойт.Биздин масканы өзбектерге берип туруптур. Өзбектер казактардын маскасын тагынып алгандай