Ошто көп кабаттуу үйдүн балконунда калып калган улгайган аял куткарылды



Ош шаарынын Төлөйкан кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн балконунда калып калган улгайган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Төлөйкан кичи районунда жайгашкан батирдин жашоочусу балкондун эшиги бекилип калгандыктан, үйдүн ички бөлмөсүнө кире албай калган.
Дарек боюнча Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар эшиктин ачкыч салына турган көзөнөгүн талкалабастан, терезе аркылуу балкондун бекилип калган эшигин ачып, 64 жаштагы үй ээсин бөлмөгө чыгарышты", - деп билдиришти ӨКМдан.
Үй ээси жабыр тарткан эмес жана абалы жакшы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
zhaynak

05.02.2022. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шаты маты, курал жарак деген нерселерди уруп ойнобойт да биздин МЧСниктер. Бир лом болсо болду го тырмышып чыгып ачып тушот.
nazira...

05.02.2022. 15:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhaynak,айтпа
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.