super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболдук союзу логотибин алмаштырды. Жаңы логотип эмнени түшүндүрөт?

 

Кыргыз футболдук союзу жаңы логотибин жарыялады. Жаңыланган логотиптин түшүндүрмөсү КФСнин расмий сайтына жарыяланды.

"Логотиптеги тоо шумкары эркиндикти жана ылдамдыкты чагылдырып, ал топ менен куюлушуп, оюн талаасында анын таамай жана тез учуу сезимин жаратат. Шумкар кыргыз футболунун эрдигин, тайманбастыгын жана кыраакылыгын туюлтат.

Шумкар менен топ кыргыз футбол салтын улай эркиндигин да көргөзөт.

Союздун кызыл түсү —ар бир футболчу жана күйөрмандардын баалуулуктарын жана спортко берилгендигин даңазалайт. Кызыл – кыргыз элиндеги эзелтен келе жаткан лидерликтин, бекемдиктин жана эр жүрөктүүлүктүн түсү.

Көк түс – Футболдук союздун жаңы өздүк стилинде орун алып, кылдаттык, берилгендик жана кайраттуулукту чагылдырат. Биз бүгүнкү күндөгү футбол чөйрөсүндөгү мыкты көрсөткүчтөрдү сактап, аларды келечекте жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн пайдубал катары колдонобуз", - деп жазылат КФСнин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2022. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшекке килем жапсан деле эшек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: