super.kg logo

"500 миң сомдон ашуун". Кара-Суу районунда уурулукка шектелип 2 жаран кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 500 миң сомдон ашуун мүлктү уурдагандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 14-январында Кара-Суу районунда жайгашкан турак үйдүн ичинен 350 миң сом, 1000 доллар жана алтын буюмдар уурдалган.

Мындан тышкары 2022-жылдын 30-январында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айыл аймагында жайгашкан үйдөн 89 миң 600 сом уурдалган.

Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу районунун тургундары 19 жаштагы Б.А, жана 17 жаштагы Ж. у. Ж тергөө кызматына өткөрүп берилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кылмышка шектүү катары кармалган Б.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, дагы бир шектүү Ж.у.Ж жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылды. Учурда алардын башка кылмышка катыштыгы бардыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2022. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии занаңдылар эми жаткыла эс алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: