Депутаттар электр энергиясы үчүн акча төлөбөгөн байлардын атын ММК аркылуу жарыялоону сунушташты
Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Эсенгул Исаков электр энергиясына акча төлөбөгөн байлардын тизмесин тез-тезден маалымат булактарына жарыялап турууну сунуштады. “Хан сарайларда жашагандар электр энергиясын көп пайдаланышат, бирок акча төлөгүсү келишпейт. Энергетика жана өнөр жай министрлиги алардын аттарын гезиттерге, интернеттерге жарыялашы керек. Балким, ошондо төлөп башташар”,- деди Исаков.
Ал эми депутаттардын "Электр тармагындагы жоготуулар азайдыбы?" деген суроосуна министр Осмонбек Артыкбаев 2 пайызга азайганын айтты. “Жоготууларды биротоло жоюу мүмкүн эмес, бирок бир топ азайтууга болот”,- деди Артыкбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

