Кайра шайлоо. БШК шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
№27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 110 миң 888 түзѳт. Анын ичинен 46 миң 753 эркектер, 64 135 аялдар. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча контролдук тизмесинде шайлоочулардын саны 104 миң 711 түзѳт. Анын ичинен эркектер – 44 миң 273, аялдар – 60 миң 438. Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 миң 599 шайлоочу, анын ичинде эркектер – 91 миң 26, аялдар – 124 миң 573 же тиешелүү түрдө 42,22 пайыз, 57,78 пайыз.
Шайлоочулардын тизмесин тактоо 2022-жылдын 16-февралына чейин жүргүзүлөт. 22-февралда “Тизме” порталына жайгаштырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:57
2025-08-12
19:14
2025-08-12
14:55
2025-08-12

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.