super.kg logo

"Улгайган аялдын 150 миң сомдон ашык акчасын алып кетишкен". Чүйдө каракчылыкка шектүүлөр кармалды

 

Аламүдүн районунда улгайган аялды карактоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда Аламүдүн РИИБине Лебединовка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 24-январда саат 15:30 чамасында 1938-жылы туулган Р.Л.нын үйүнө медициналык бет кап кийген белгисиз эки адам физикалык зомбулук көрсөтүп, коркутуп, күч колдонуп, сейфтеги 150 миң сомдон ашык акча каражаттарын алып кетишкен. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси менен "каракчылык" Аламүдүн РИИБине катталган.

Аталган кылмышка шектүү катары Талас облусунун 1992-жылы туулган М.Б. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу Талас облусунун тургундары кармалды. Шектүүлөр милиция кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң аларга карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: