super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Кара-Бакта кен байлыктарды натыйжалуу пайдалануу боюнча долбоор ишке ашырылат

 

Кара-Бак айыл округунун башчысы Рахманали Султановдун айткандарына караганда, жакында Ош шаарында ЕККУнун жана Өнүктүрүү саясат институтунун "Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын деңгээлин төмөндөтүү максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун жыйынтыктоочу форуму болуп өттү. Маалыматтарга таянсак, ага түштүк региону боюнча Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы пилоттук айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү барышып, Ош облусунан Кеңеш, Баткен облусунан Кара-Бак айыл округдары долбоорго активдүү катышып, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаргандыгы үчүн сертификат, дипломдор менен сыйланышты. 

"Биз аталган долбоордун алкагында Кара-Бак айыл округуна караштуу 1 гектар 12 сотых бош жерлерди таап, бул боюнча айыл калкына атайын коомдук угууларды өткөрдүк. Эми аталган жерди аймактык кеңештин депутаттарынын сессиясына коюп, аукцион аркылуу жерлерди сатууга жана ижара аркылуу иштетүүгө берүүгө сунуштап жатабыз. Ошентип бул долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктадык. Ал эми ЕККУнун  долбоорунун алкагында Кара-Бак айыл округундагы чек арадагы жайыттарды, жерлердин менчиктигин  тактоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары март айынан Кара-Бак айыл округундагы жер астындагы жана жер үстүндөгү жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу боюнча жаңы долбоорду ишке ашырганы турабыз. Алдыда дагы аткарылчу иштер арбын",- дейт Кара-Бак айыл округунун башчысы Рахманали Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: