super.kg logo

Zara компаниясынын дизайнерлери 2022-жылдын модалуу түстөрүн атады. Алар кайсылар?

 

Испаниялык Zara компаниясынын дизайнерлери 2022-жылдын эң модалуу беш түсүн атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эксперттер ток сары (оранжевый) түстөгү кийимдерге көңүл бурууну сунушташты. Ошондой эле бул түстөгү көйнөктөр, пальтолор, клёш шымдар жана костьюмдарды сатып алуу сунушталат.

Мындан тышкары дизайнерлер ачык неон-кызгылт түстү тренд деп аташты. Бул түстөгү бренддин ассортиментинде жеңи жок күрмө, орто узундуктагы боосу жок көйнөктөр, кең шым жана учтуу, такалуу булгаары бут кийимдер бар.

Ага улай эле кочкул көк жана сары түстөгү кийимдер популярдуу болору белгиленди. Аны менен катар жашыл түс да бар.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Zara компаниясы 2021-жылдын эң модалуу бренди болгон. Акыркы 12 ай ичинде Google издөө маалыматтарын түзүү аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Zara бренди сатып алуучулар арасында популярдуулугу боюнча 37 өлкөдө биринчи орунду ээлеген. Экинчи орунда Nike, ал эми үчүнчүдө Zalando турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: