super.kg logo

ИИМ Кыргыз-Тажик жаңжалы боюнча жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат

 

Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуясынан улам айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, буга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартууга же 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салынарын билдирет.

"Жарандарды WhatsApp мессенджериндеги тайпаларга чагымчыл, жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранабыз. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуп, чагымчылдыкка алдырбаңыздар", - дейт ИИМдин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2022. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка маселени билбейм,чек ара маселеси боюнча сен антип айттын мен минтип айттым дебей баарыбыз жапырт аракет кылышыбыз керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: