super.kg logo

"22 жаштагы жигит каза болду". Жалал-Абадда эки райондун балдары мушташты

 

Жалал-Абадда орун алган мушташта 22 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Базар-Коргон РИИБине аймактык ооруканадан 20-25 жаштардагы бала көкүрөгүнө учтуу нерсе сайылып каза болгон абалда алып келингендигин билдирген. Алдын ала териштирүү учурунда 5-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, алардын арасында жүргөн Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургунун белгисиз адам учтуу нерсе менен көкүрөк тарабына сайып алгандыгы жана ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.

"Бул факты Ноокен РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин "Адам өлтүрүү" фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон. Каза болгон баланын аты-жөнү аныкталып, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Ноокен районунун 2005-жылы туулган тургуну А.Б. кармалып, 6-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.02.2022. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
20 жашымда үйлөнүп 21де балалуу болуп Москвага жөнөгөм.
Бул көк мээлер дагы деле чоңоюшат элек малга окшоп мушташып жүрүшөт
07.02.2022. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Tyttty1990,эркек экенсин ука ушинтип эркекче журоо бер. Менда сага окшоп мигрантмын биз бул жакта 12 саат иштеп балдар чонойгуча бирдеме кылалы деп журсок бул тупойлор дагы деле мушташып журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: