super.kg logo

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иш сотко өттү

 

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелген Санжар Сапарбековго козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу саясатчынын аялы Айнагүл Садыркулова социалдык баракчасына жазды.

"Бүгүн менин жолдошум, үч кыздын атасы, алты неберенин чоң атасы Садыркулов Медет Чакановичтин өлүмүнө себепкер болгон Санжар Сапарбековдун соту башталат. Соттук отурум канчага созуларын билбейм, бирок бул анчалык деле маанилүү эмес, эң негизгиси сот адилеттүү жана калыс болсун", - деген билдирүүсүн жазды.

Анын айтымында, сот отуруму Аламүдүн райондук сотунда судья Бакыт Касымалиевдин төрагалыгы алдында өтөт.

Медет Садыркулов 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчиси кызматында иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Ал эми 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелгендердин бири Рустам Сайдиев сыртынан соттолгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: