super.kg logo

"Бутуна, кабыргасына балка менен урган". Жалал-Абадда Пахир Калла каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун лидери кармалды

 

Жалал-Абадда 31 жаштагы устаны коркутуп, 100 миң сом талап кылганга шектүү колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Белгилүү болгондой, 17-январда Сузак районунун 31 жаштагы тургунунун устаканасына Баха аттуу жаран келип, колундагы бычагын моюнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп "100 миң сом акчаны коюп кой" деп коркуткан. Мындан улам уста арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 280-берене (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец), Пахир Калла каймана аты менен таанымал 1975-жылы туулган Б.Б. кармалды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болду.

Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан 5-февралда Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралат", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.02.2022. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундайларды ит аткандай атып салса да боло берет пахирби тазирби пахтекпи мастекпи олсо аалам азайып кетпейт жер усту бир ит уруктан кутулат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: