super.kg logo

"Мас абалында уруша кетишкен". Чүйдө денеге залал келтирүү фактысы аныкталды

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда бирөөнүн денесине залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда болжол менен саат 17:00 чамаларында Биринчи Май РИИБине ооруканалардын бирине эркек киши денесинен жаракат алып түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Териштирүү учурунда ал 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги такталган. Жабырлануучунун эжеси милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, анын бир тууганын Озерное айылында белгисиз бирөө уруп-сабаганын билдирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жогорудагы кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалды. Териштирүү учурунда жабырлануучу менен шектүү мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, жабырлануучу денесинен жаракат алганы маалым болгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: