super.kg logo

Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы аныкталды

 

Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча бир нече адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2010-жылдын май айында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан 97 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин кирешесине алынган. Бирок кийинчерээк бул объекттердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекеттин менчигине өтүп, ал эми калган 56 батир жана 27 коттедж мыйзамсыз түрдө менчик структуралардын менчигине чыгарылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп “А-А ПМК” ЖАКнын мурдагы башкы директору Ч.В.Ю., ошондой эле анын жактоочусу жана аны менен кызматташкан башка адамдар экендиги аныкталды.

"Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапканы тууралуу тергөө тиешелүү далилдерди тапты.

Мындан тышкары 2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси К.А.В. кармалган.

Бүгүн, 7-февралда ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда иш боюнча жогорудагы схеманын 4 катышуучусу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын ичинен 3 адам камакта. Тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: