super.kg logo

Бишкекте токтоп турган унааны айдап качканга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте автосалондун ичинде токтоп турган унааны айдап качканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү Ленин РИИБине М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 15-16-январда белгисиз адамдар Бишкектин Кочкорская көчөсүндө жайгашкан автосалондун ичинде токтоп турган Тойота Приус үлгүсүндөгү унааны айдап качып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкенин айткан.

Аталган факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин "Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу" фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делинип 1990-жылы туулган жарандын аты-жөнү такталып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын 1-СИЗОго бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Уурдалган унаа Ленин районунун аймагында табылып, арыз ээсине кайтарып берилген. Учурда шектүү адамдын ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: