super.kg logo

Сокулукта сабалган 2 жашар баланын атасы: "Аялым кожоюнум менен жашап алды. Анын каалоосуна чек коё албайм"

 

Бир нече күндөн бери Сокулук районунун Арал айылында 2 жашар баланын сабалышы коомчулуктун үрөйүн учуруп турган чагы. Тактап айтсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканага эки жашар бала денесиндеги оор жаракаттар менен жеткирилген. Көп узабай баланы атасы баласын иш берүүчүсү сабаганын айтып чыкты. Баланын атасы Николай Кемалетдин SUPER.KG порталына окуяны айтып берди.

"3-февралда уулумдун жыныстык мүчөсү кесилгенин билип, иш берүүчүм А.С.нын бизге жасаган мамилеси тууралуу ачык айткым келди. Анткени сабырым түгөндү десем болот. Ал буга чейин да балама, ал эле эмес мага да кол көтөрүп жүргөн. Мен корккондуктан ооз аччу эмесмин. Анын тааныштары да күчтүү. Ал тараптан коркутуулар болгон. Уулумду ооруканага алып барганда дарыгерлер баламдын денесиндеги көк аланы көрүп, милиция чакыртышты. Мен болгонун ачык айттым.

Мен Арал айылында кожоюнумдун фермасында жарым жылдан бери мал карап иштейм. Айлыгым 10 миң сомдун тегерегинде. Кожоюнум мени жалгыз эч жакка жиберчү эмес. Качып кетет деп коркуп жаныма киши кошуп берчү. Бизге кулга жасагандай эле мамиле жасачу.

Аялым экөөбүздүн никебиз бар. Бирок орто жолдо урушуп-табышып жүргөнбүз. Аялым кожоюнум менен жашап алды. Мен анын каалоосуна чек коё алган жокмун. Андан сырткары ортобузда 4 жаштагы кызыбыз бар. Учурда аялым экөөбүз баламдын жанындабыз. Кызыбыз убактылуу ишеничтүү туугандарыбыздын колунда.

Иш берүүчүм болжол менен 36-37 жашта. Аялы жана 3 баласы бар. Бирок аялы шаарда турат. Өзү келип-кетип жүрөт. Ал камалгандан кийин туугандары байланышып тосмо арыз жазып беришимди суранышты. Мен жок дедим. Күнөөлүү жазасын алышын талап кылам. Биз үй-бүлөбүз менен Өзбекстандан көчүп келгенбиз. Аялым Кыргыз өлкөсүнүн жараны", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
08.02.2022. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ферма кожоюну эле ушундай акмакчылык кылса эртеңки күнү биз карапайым калк байлар тарабынан басмырланып, өз өлкөбүздө кул болуп калышыбыз керек деген сөз эмес. Кана мыйзам иштесин ушундай малдарга. Аялыңды көчүгүнө тээп көчөгө айдап сал, эгер каалоосу менен жашап алса. Мажбурлап жашатып алса анда камалсын, акча сунуштаса да кайтпа жолуңдан. Акчаны берип алып эртең дагы акмакчылык кыла берет алар.
08.02.2022. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялына бала эмес ***** керек окшойт, акча сунуштаса алба жазасын алсын айбан сымал адам
08.02.2022. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба аялына баарибир окшойт.
08.02.2022. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялы да кылыктанып койсо керек да
08.02.2022. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да баласын айтсаңар. Эмне болот эми, бир нерсе болду бекен, же ошо хозяйини бирдеме кылды бекен.
08.02.2022. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кожоюну кыргыз экен деп ойлодум эле, орус окшойт.Кудайга мин мертебе шугур, кыргызым андай айбан жолго барбайт. Биз мумкун бир аз корс болушубуз мумкун, бирок боорукер эл болобуз.
08.02.2022. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suban78,кыйраттын
08.02.2022. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2айга камалды дейби көрөбүз жакында үй камака чыгарат же болницага ошону мен тынчыйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: